Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:07

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Өзбекстанга нота жолдоду


БИШКЕК. «Өзбекстандын Фергана облусунун Сох районунун акими Хакимжан Сайфидиновдун үстүбүздөгү жылдын 14-октябрындагы аракети эки өлкөнүн ортосундагы достук карым-катнашка доо келтирип, Кыргызстанды кооптондурат. Ошондой эле, коңшулаш жашаган эки элдин ортосунда өз ара түшүнбөөчүлүккө түрткү берет». Мындай мазмундагы нотаны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигине жолдоду. Эске сала кете турган маалымат, үстүбүздөгү жылдын 14-октябрында Өзбекстандын Сох районунун Шарх-Абад айылынын 100гө жакын тургундары кыргыз тараптын Баткен обласынын аймагында мурда убактылуу алынган Бозадыр чегара бекетин кайрадан орнотуусуна каршылык кылышып, бир нече саат бою Ош-Баткен жолун жаап салышкан. Алардын айрымдары Кыргызстандын тартип коргоо органдарынын кызматкерлеринин дарегине жаман сөз айтышкан. Ошол эле күнү Сох районунун акими Хакимжан Сайфидинов Баткен облусунун губернаторунун биринчи орун басары Максат Дыйкановго телефон чалып, орой сөздөр менен чек ара бекетин орнотпоону талап кылган.
«Бозадыр» чегара бекети 3 жыл мурда коюлуп, бирок, Өзбекстан тарап электр энергиясын бербей койгонуна байланыштуу быйыл апрелде 4 чакырымга артка жылдырылган.

XS
SM
MD
LG