Талас (М.Рахманкулов билдирет). Жергиликтүү жамааттар күнү Талас районундагы Акматбек Нуржанов атындагы айыл кеңешинде белгиленип, ага облустагы жергиликтүү жаматтардын лидерлери, жергиликтүү жана Жогорку Кеңештин депуттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен адистери катышты. Салтанатта сөз сүйлөгөн облус губернатору Искендер Айдаралиев жакырчылыкты жеңилдетүүдө өкмөттүк эмес уюмдар, жамааттык бирикмелер зор иш аткарып жаткандыгын айтып, жетекчилерден адилет башкарууну талап кылды. Ушул тапта облуста сегиз жүзгө жакын жамааттык уюмдар түзүлүп, алар жергиликтүү бийлик менен теңтайлаша эл турмушун жакшыртууга аракет кылып жаткандыгы белгиленди. Жыйын улуттук оюн-зооктор менен улантылды.