Бишкек. Бүгүн Кыргызстанда жергиликтүү жамааттар күнү алгачкы ирет белгиленди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана жергиликтүү кеңеш депутаттарын президент Аскар Акаев куттуктап, ак ниет башкаруу жана социалдык мобилизация жылы деп аталган 2004-жылы жергиликтүү жамааттардын алдында зор милдеттер тургандыгын белгиледи. Жергиликтүү жамааттар ассоциациясынын президенти Курманбек Дыйканбаевден бүгүн алынган маалыматка караганда, Кыргызстанда 473 айыл өкмөтү, жергиликтүү кеңештердин 8 миң 132 депутаты жана 2 миңден ашуун жамааттык уюмдар бар. 2004-жылдан тарта жамааттык уюмдардын иши жандандырылып, ар бир айылдагы көйгөйлөрдү өз алдынча чечип, аларды мамлекеттик башкарууга катыштыруу аракеттери күчөтүлөт.