Бишкек. Бүгүн Кыргызстанга Түндүк Кореянын Эмгек партиясынын делегациясы келип, Кыргызстан коммунисттеринин Клара Ажыбекова жетектеген партия мүчөлөрү менен жолугушту. Клара Ажыбековадан ушул күнү алынган маалыматка караганда, анда Кыргызстандын коммунисттик партиясы менен Түндүк Кореянын Эмгек партиясынын ортосундагы өз ара байланыш жана эл аралык кырдаал тууралуу пикир алышуу болду. Чет элдик партия өкүлдөрү коммунисттердин Апсамат Масалиев жетектеген экинчи партиясы менен жолугушкан жок.