Бишкек. 26-октябрда Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев жетектеген делегациясынын Словакиядагы визити уланды. Кыргызстандын Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы өкүлү жана Словакиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловдон алынган маалыматка караганда, бул күнү делегация Словакия парламентинин депутаттары менен жолугушуп, парламенттер аралык кызматташуу тууралуу пикир алышышты. Сүйлөшүүлөрдө козголгон маселелер тууралуу Аликбек Жекшенкулов «Азаттыкка» мындай деди:
Биринчиден, мыйзам чыгаруу боюнча алардын тажрыйбасы чоң. Анан бюджет маселесин караганда кандай кыйынчылыктарга туш болушаары тууралуу маалымат берип, тышкы жана ички саясат боюнча кандай маселелер болот жана алар кандай чечилет деген жагдайда пикир алмашып жатышат.
Кыргыз делегациясы 27-октябрда Словакиянын президенти Рудольф Шустер, парламентинин спикери Павол Грушовски менен жолугушат. Парламенттик делегация визит учурунда кыргыз президентинин ушул жылдын декабрь айында Словакияга жасай турган расмий визитине даярдык көрүү маселелерин да талкуулоодо.