Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:35

ЮКОСтун жетекчиси өзүнө тагылган айыпты жокко чыгарды


Кечээ күнү камакка алынган ЮКОС мунай компаниясынын башчысы Михаил Ходорковский, ага тагылган күнөөлөрдү жокко чыгарды,-деп билдирди анын адвокаты Антон Дрель. Компаниянын жетекчилери Орусия прократурасы Ходорковскийге «алдамчылык кылган жана ири кирешелерин салыктан жашырып койгон” деген айыпты жөнсүз жерден таңуулоодо деп эсептешет. ЮКОСтун башчысы ишембиде Москванын Басман райондук сотунун чечимине ылайык Новосибирскиде камакка алынган. Учурда ал убактылуу сурак жүргүзүү бөлүмүндө камакта отурат.
Орусиянын өнөр жай жана ишкерлер биримдиги бийликтин ЮКОСко карата жасаган иш-чарасы укук коргоо кызматына болгон ишенимди жоготот деп билдирди.


Аманбек Дилденбай, Прага

XS
SM
MD
LG