Бүгүн таңга маал Кыргызстанда, Борбор Азияда, Мысыр, Иордания, Ливия, Судан, Йеменде, палестинанын аймагында мусулмандардын ыйык орозо айы башталды. 30 күн бою мусулмандар орозо тутушат. Ал эми Сауд Аравия, Сирия, Ирак, Ливан, Кувейт жана бир катар Перс булуңундагы өлкөлөрдүн муфтияттары орозо дүйшөмбү күнү башталат деп жарыялашты.