Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:33

АКШ Конгрессинин делегациясы Түндүк Кореяга белгиленген иш сапарын кийинкиге калтырды


Эки партиянын өкүлдөрүнөн турган делегацияны Пхеньянга Республикачыл партиядан шайланган конгрессмен Курт Уэлдон жетектеп бармак.
К.Уэлдондун билдиргенине караганда, Ак үй алгач бул визитке колдоо көргөзгөн эле, бирок акыркы сааттарда өз турумун кайра өзгөрткөн. Ушул себептерден улам алар иш сапарды кийинкиге калтырышты. Ал эми Түндүк Кореянын мамлекеттик жаңылыктар агенттиги визиттин токтотулушун Вашингтон Пхеньянга келүүчү делегация Түндүк Кореянын өзөктүк курал программасындагы жетишкендиктерди ырастоосунан чоочулап жатканы менен түшүндүрдү. Себеби Түндүк Корея тараптын айтымында, америкалык конгрессмендер Йонбон өзөктүк комплексине бармак. Кечээ Түндүк Кореянын маалымат каражаттары Вашингтон аларга өзөктүк курал программасын токтотуусунун ордуна сунуш кылган коопсуздук кепилдиктерин Пхеньян карап көрүүгө даяр экенин маалымдаган эле. АКШ мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл бул жаңылыкты "туура багыттагы кадам" деп атады.

XS
SM
MD
LG