Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:43

Бириккен улуттар уюму Ооганстандагы абалга тынчсыздануу билдирди


Бүгүн Токиодо сүйлөгөн сөзүндө БУУнун Ооганстандагы качкындар өкүлү Филиппо Гранди кандуу кол салуулар көбөйүп, каражат жана аскер тартыш болуп жаткандыктан, Ооганстанда жылыш аз экендигин эскертти. Гранди өлкөнүн түндүгүндөгү фракциялар аралык согуштарга жана түштүк аймактарда коопсуздуктун начар абалына айрыкча тынчсыздануу билдирди. Ал эл аралык коомчулукту Ооганстанга көбүрөөк каражат бөлүп, баш калаа Кабулдан сырткары жактарга да аскер жиберүүгө чакырды.
Үстүбүздөгү айдын башында Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши Эл аралык Коопсуздук жардам күчтөрүн Кабулдан башка жактарга да жайгаштырууга жолдомо берген эле.

XS
SM
MD
LG