Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:33

Социалисттик интернационал Бразилияда курултай өткөрөт


Бүгүн Санпаулодо ачылып жаткан үч күндүк курултайга 100 чакты өлкөдөн социалисттер жана социал-демократтар чогулушууда. Социалисттик интернационалдын 22-курултайын Бразилиянын президенти Лула да Силва ачат. Социалисттик интернационалдын баш катчысы Луис Аяла курултайды "демократияга жана социалдык акыйкаттыкка умтулган дүйнөдөгү эң ири саясий үй-бүлө" деп мүнөздөдү. Туруктуу өнүгүү жана коопсуздук үчүн жаңы көп тараптуулукту аныктоо курултайдын күн тартибиндеги башкы маселе болот.
Делегаттардын арасында Михаил Горбачев, Сербиянын премьер-министри Зоран Живкович жана Польшанын өкмөт башчысы Лесек Миллер бар.

XS
SM
MD
LG