Эң каргашалууу чабуулда Эл аралык Кызыл Чырым коомунун кеңсесинин сыртындагы коопсуздук тосмосуна тез жардам машинасы келип урунду.
Америкалык генерал Марк Хертлиң 10 ирактык набыт болуп, 10 чактысы жараат алганын билдирди. Анын айтымында:
– Минибус экен. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, бетинде Кызыл Чырымдын эн-тамгасы бар болгон. Башкача айтканда, (кол салгандар) Кызыл Жарым Ай-Кызыл Чырым коомдорунун гумжардам унаасын пайдаланышкан.
Багдадда ошондой эле төрт полиция бекети жардырылды. Каза тапкан 34 кишинин 26сы – карапайым атуулдар, калган сегизи – полиция кызматкерлери. Жараат алгандардын 65и - полициячылар, калган 159у – карапайым кишилер экендиги кабарланууда.