Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:45

Эл аралык Кызыл жарым ай коому Баткен облусундагы үч айылга спорт аянтчасын куруп, жаштардын борборлорун ачты


БАТКЕН. Коомдун «Мина коркунучун калкка түшүндүрүү» долбоорунун Баткендеги кызматкери Кыялбек Сабытовдун айтымында, өткөн жумада Баткендин Өзбекстан менен чектеш Таян, Сай жана Чоңкара айылдарында балдар үчүн курулган спорт аянтчаларынын жана жаштардын борборлорунун ачылуу аземи өттү. Мина коркунучуна дуушар болгон бул айылдар өзгөчө балдар үчүн опурталдуу. Айыл ичинде балдардын ойноосу, эс алуусу үчүн эч кандай шарт түзүлгөн эмес. «Кызыл жарым ай» коому ушул кенемтени толтуруу максатында спорт аянтчаларын куруп, 3 айылдагы бир мектепте жаштар борборлорун ачып, аны компьютер жана музыкалык каражаттар менен жабдып берди. Бул күнү коомдун облустук бөлүмүндөгү волонтерлордун көмөгү менен куурчак театры ушул айылдардын жеткинчектерине минадан сактануунун жолдорун чагылдырган оюндун бет ачаарын көрсөттү.

XS
SM
MD
LG