Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:41

Жерүй алтын кени эмдиги жаздан баштап иштетилет


БИШКЕК. Кыргызстандын Жерүй алтын кени 2004-жылдын апрель айынан тартып иштетиле баштайт. Мындай маалыматты бүгүн «Кабар» агенттиги таратты. Ал маалыматка караганда, кенди иштетүүгө зарыл болгон 60 млн. долларга жакын каражатты «Norox Mining Co» компаниясы эмдиги жылдын март айында берет. Жерүй кенин иштетүү долбоору боюнча ал 2005-жылы ишке толук киргизилип, кен 11 жыл бою казылышы керек. Жылына 1 млн. тонна кен казылып, андан 180 миң унций же 5 тонна 600 килограмм алтын алынаары болжолдонууда. Адистердин баамында, Жерүй алтын кенинде кеминде 3 млн. 45 миң унций алтын бар жана анын ар бир унцийи 133 доллардан сатылат деп бааланууда. Кендин 67% жакыны «Norox Mining Co» компаниясына караштуу «Oxus Gold» фирмасына, 33% «Кыргызалтын» мамлекеттик компаниясына таандык.

XS
SM
MD
LG