ТАЛАСКА. Жыйынга облустун аймагындагы жергиликтүү жамааттардын, өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү катышты. Анда сөз сүйлөгөндөр ПРООНдун «Борбордон алыстатуу», «Жардылыкты азайтуу» программалары оң натыйжа берип атканын айтышты. Мисалы, «Борбордон алыстатуу» программасы боюнча облуста 540 жамаат 5 млн. 134 миң сомдук 29 долбоорду ишке ашырган. Жыйын соңунда ондогон жамаат жетекчилери тийиштүү министрликтердин, облустук администрациянын, «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын ардак грамоталары жана баалуу белектери менен сыйланышты.