БИШКЕК. Эртең Бишкектин Ленин райондук сотунда Кыргызстан укук коргоо кыймылынын жетекчиси Турсунбек Акундун «Агым» гезитинин кожоюну Мелис Эшимкановго жана «Лимон» гезитине каршы берген доо арызы каралат. «Лимон» гезитинин быйыл 2-майда чыккан санындагы М.Эшимкановдун маегинде Турсунбек Акундун дарегине айрым сын-пикирлер айтылган. Андан көп өтпөй Турсунбек Акун «М.Эшимканов менин арнамысыма, кадыр-баркыма доо кетирди» деп, сотко кайрылган. Ал Эшимкановдон 5 млн. сом өндүрүп берүүнү, ал эми гезит редакциясынын коомчулук алдында кечирим сурашын талап кылууда. Быйыл 19-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук соту Мелис Эшимкановдун «Аалам» гезитине жана Турсунбек Акунга каршы берген доо арызын караган. Сот Эшимкановдун кызыкчылыгына «Аалам» гезитинен 3 млн. сом, Турсунбек Акундан 2 млн. сом өндүрүп берүү тууралуу чечим чыгарган.