БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү Бишкектеги «Кайрат банкты» сатууну пландаштырууда. Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тышкы инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, мындай иш-чара банкты өнүктүрүү жана ага тыштан инвестиция тартуу максатында жасалууда. Банкты сатууга британиялык «Bearing point» консалтинг ишканасы жардам берет. Быйылкы жылдын биринчи жарымында «Кайрат банк» 1 млн. 168 миң сом киреше тапкан. Ал эми банктын активи 454 млн. 381 миң сомго бааланган.