Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:39

Иракта АКШ аскерлерине кол салуулар уланууда


АКШнын Ирактагы аскерий командачылыгынын маалыматына ылайык, түндө Багдаддын түндүгүнөн 70 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Балад деген жерде америкалык эки жоокер набыт болду. Командачылыктын басма сөз өкүлү майор Жослин Аберле жоокерлердин танкы жол минасына же бомбага кабылганын айтты.
Дагы бир кабарга караганда, бүгүн бейпилдик күчтөрүнө кирген украиналык жети аскер жарадар болду. Польшанын жетекчилигиндеги көп улуттук аскерлердин курамында кызмат өтөп жатышкан украиналык аскерлердин конвойуна базанын жанында белгисиз адамдар тарабынан кол салынды. 17 жоокерди ташып бараткан машина алгач минага кабылып, анда соң аткылоого алынган.
Бул чабуул АКШ аскерлерин, полицияны жана оккупация күчтөрү менен кызматташкан жергиликтүү калкты бутага алган кол салуулардын уландысы болуп калды.
Ал эми Женевадан келген маалыматка караганда, эл аралык Кызыл Чырым уюму Ирактагы кызматкерлеринин санын кыскартат. Мындай чечим уюмдун Багдаддагы кеңсесинин жанында бомба жарылгандан кийин кабыл алынды. Дүйшөмбү күнкү террактан Кызыл Чырымда иштеген эки киши набыт болгон эле.

XS
SM
MD
LG