Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:03

Ходорковскийдин иши Евробиримдикти кабатырлантууда.


Бүгүн Европа комиссиясы Россиянын бийликтерине кайрылып, “Юкос” компаниясынын жетекчиси Михаил Ходорковскийге каршы иште мыйзамдуулуктун принциптери сакталсын деп үндөдү. Михаил Ходорковский салык төлөөдөгү мыйзам бузуулар үчүн айыпталып, ишмебиде камакка алынган эле.
Уюмдун басма сөз катчысы Диего де Охеда Брюсселде сүйлөгөн сөзүндө Ходорковскийдин иши Евробиримдиктин Россия менен эмки жумада Римде өтүүчү сүйлөшүүлөрүнө таасир этиши мүмкүн деп билдирди:
- Россия менен бирдиктүү экономикалык аймак түзүүгө багытталган аракеттерибиз мыйзам системасын жана стандарттарын бир калыпка келтирүү муктаждыктарынан гана эмес, аларды колдонууда объективдүү критерийлер жана мыйзамдын үстөмдүгү сакталсын деген талаптан келип чыккан.
Кечээ Евробиримдиктин кеңейтүү иштерин тейлеген комиссар Гюнтер Ферхойген тышкы инвестицияларды тартуу үчүн Москва стабилдүү бизнес чөйрөнү камсыздашы керек деп айткан эле.
Дагы бир кабарга ылайык, бүгүн Россиянын прокуратурасы “Юкостун” дагы бир жогорку даражалуу кызматкерине каршы чара көрө баштады. Прокуратура Василий Сахновскийдин Федералдык кеңешке шайлануусу жөнүндөгү чечим жокко чыгарылсын деген талабын койду. Сахновский депутаттыкка шайланаардан мурун компаниянын эң ири филиалын жетектеп келген.

XS
SM
MD
LG