БИШКЕК. Грузияда 2-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого Кыргызстандан «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын эки өкүлү байкоочу катары катышат. Бүгүн Грузияга коалициянын директорлор кеңешинин өкүлдөрү Хаид Айкынов жана Вера Таранникова жөнөп кетишти. Орусиялык маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Грузияда болчу шайлоого Орусиядан 24, ал эми жалпы КМШ өлкөлөрүнөн 68 өкүл байкоочу катары катышат. Аларга КМШнын Аткаруу комитетинин катчысы Юрий Яров жетекчилик кылат.