Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:20

Укук коргоочу Турсунбек Акун премьер-министрге жана «Агым» гезитинин ээсине элдешүүнү сунуш кылды


БИШКЕК. «Курани-каримдин Бакара сүрөөсүнүн 185-аятында «Кудай ыйык Рамазан айында Куранды асмандан түшүрүп, инсандардын күнөөсүн кечирет» деп айтылган. Ошого байланыштуу мен дагы арнамысыма шек келтиргендигине карабастан, өкмөт башчысы Николай Танаевди кечирип, аны бир жылдан ашуун соттон-сотко сүйрөгөнүм үчүн кечирим сурайм». Бүгүн Кыргызстан укук коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акун массалык маалымат каражаттары аркылуу жалпы кыргыз элине ушундай мазмундагы кайрылуу жолдоду. Ал «Аалам» гезитинде жазган макаласында катуу сындаганы үчүн белгилүү саясатчы, «Агым» гезитинин кожоюну Мелис Эшимкановдон да расмий түрдө кечирим сурай тургандыгын жана аны да кечире тургандыгын билдирди.
Ал эми Бишкектин Ленин райондук соту бүгүн М.Эшимкановго жана «Лимон» гезитине каршы Т.Акундун доо арызын карады. Адегенде судья каршылашкан тараптарды жарашууга чакырды. Сотко катышкан Турсунбек Акун ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинде өткөн жолугушууда Эшимкановдон кечирим сураганын билдирди. Ал өзүнүн дарегине айткан сөздөрү үчүн Эшимкановдун да кечирим сурашын талап кылды. Бирок Мелис Эшимканов Турсунбек Акундун мындай сунушуна макул болгон жок. Натыйжада сот жараяны «Лимон» гезитинин өкүлү сотко келбей калганына байланыштуу 13-ноябрга жылдырылды.

XS
SM
MD
LG