Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:28

Табигый кырсыкка кабылгандар үчүн Орусиядан Ошко 21 млн. 700 миң рублдик жыгач үйлөрдүн бир бөлүгү келди


ОШ. Бүгүн бул жыгач үй комплекстери жүктөлгөн 4 вагон Ошко келип, Оштун мунайзат өндүрүүчү базасына түшүрүлдү, калган 15 вагон жүк жолдо келатат. Окуяга байланыштуу өткөрүлгөн басма сөз жыйынында Орусиянын Оштогу башкы консулу Юрий Иванов «мындай жардамды Орусия Кыргызстанга берүүгө милдеттүү» деп белгиледи. Ал Орусиянын президенти Владимир Путиндин «Орусия менен Кыргызстан - бир үй-бүлөбүз» деп айтканын эске салды. Орусиядан келе баштаган баш-аягы 50 жыгач үй комплексин кайсы райондорго, кимдерге беришти Ош облусунун жетекчилиги чечмекчи.

XS
SM
MD
LG