Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Германия Кыргызстанга 25 «тез жардам» автомашинасын берди

БИШКЕК. Германия өкмөтү Кыргызстанга 25 «тез жардам» автомашинасын берди. Мындай иш-чара эки өлкөнүн ортосундагы «Эне-баланы коргоо - 2» деп аталган долбоордун алкагында ишке ашырылды. Долбоордун экинчи бөлүгүнүн ачылыш аземи бүгүн Бишкекте президент А.Акаевдин катышуусунда өткөрүлдү. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, долбоор 2004-жылга чейин турмушка ашырылат. Германия бул долбоордун алкагында Кыргызстанга 7 млн. 500 миң евро берүүдө. Анын 5 млн. евросу кредит, 2,5 млн. евросу грант түрүндө берилет. Германия берген автомашиналар Ош, Жалалабад, Баткен облустарынын ооруканаларына жөнөтүлөт.
XS
SM
MD
LG