Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:38

Бишкекте «Евразия диалогу» платформасынын жыйыны башталды


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте «Евразия диалогу» платформасынын V отуруму өз ишин баштады. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан бул жыйындын ачылышында президент Аскар Акаев сөз сүйлөдү. Өз сөзүндө ал глобализация доорунда ар бир улуттун тилин, маданиятын жана нукура элдик тарыхый мурастарын сактап калуу зарыл экенин билдирди. А. Акаев эмдиги жылы Кыргызстанда «Евразия XXI кылымда: маданияттардын диалогубу же цивилизациялардын жаңжалыбы?» аттуу эл аралык конференция болоорун, аны өткөрүүгө ЮНЕСКО көмөктөшөөрүн билдирди. Ал эми Түркиядан келген профессор Али Яшар Сарыбай глобализацияны «европалаштыруу жана башка континенттерде жашаган элдерге карата өзгөчө мамиле жасоо» деп түшүнө тургандыгын ортого салды. Жыйын эртең Чолпоната шаарында улантылып, 1-ноябрда жыйынтыкталат.

XS
SM
MD
LG