БИШКЕК. Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандагы жана башка Борбор Азия өлкөлөрүндөгү адам укуктарынын абалы тууралуу жакында Европарламент кабыл алган резолюцияга байланыштуу бүгүн билдирүү таратты. Министрлик Евробиримдиктин демократиялык процесстерди колдогонун кубаттай тургандыгын билдирди. Бирок ал өлкөдө жүрүп жаткан саясий процесстерге Батыш бир жактуу, бурмалап баа берээрин, бул жолу да Европарламент Кыргызстандагы адам укуктарынын абалын бир жактуу баалаганын белгиледи. Билдирүүдө мыйзам үстөмдүк кылган демократиялуу коомду курууга Кыргызстандын жетекчилиги аракеттенип жаткандыгы, мына ушул мезгилде эл аралык коомчулуктун колдоосу зарыл экендиги жазылган. Антсе да маалымат каражаттарын жана журналисттерди бийлик өкүлдөрү сотко беришине мораторий жарыялоо тууралуу Европарламенттин талабына министрлик макул эмес. Министрликтин билдирүүсү боюнча, «мыйзам алдында баары бирдей» деген норма буга жол бербейт. Билдирүүдө Феликс Куловдун соттолушун саясатташтырууга, «оппозиция өкүлдөрү, журналисттер куугунтукталат» деген дооматка негиз жок экендиги да баса белгиленди. Европарламент Түрмөнстандагы, Кыргызстандагы, Өзбекстандагы жана Казакстандагы адам укуктарынын абалын сындаган резолюцияны 23-октябрда кабыл алган.