Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:09

ЭМНЕ КҮЧТҮҮ: ГЛОБАЛДАШУУБУ ЖЕ МАЙДА ЭЛДЕРДИН МАДАНИЯТЫБЫ?


29-октябрда Бишкекте интеллектуалдардын «Евразия диалогу» аттуу жыйынынын V отуруму башталды. Ага 9 мамлекеттин жазуучулары, окумуштуулары жана журналисттери катышып, «Дүйнөнү глобалдаштыруу учурунда улуттук өзгөчөлүктү кантип сактап калыш керек?» деген суроого жооп издешти. Жыйындын катышуучулары дүйнөнүн глобалдаша баштаганы майда элдердин келечегине коркунуч туудуруп жатканын, адамзаттын келечеги түрдүү улуттардын сакталып калышына байланыштуу экенин белгилешти.

“Евразия диалогу» жыйынынын V отурумунун катышуучулары «Глобалдашуу жана жергиликтүү маданияттардын келечеги» деген темада талкуу курушту. Азербайжан, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Түркмөнстан, Түркия жана Тажикстан мамлекеттеринин өкүлдөрү глобалдашуу күч алган заманда улуттардын маданияты, тили жана өзгөчөлүктөрү жок болуп кетүү коркунучу дале сакталып турганын айтышты.

Жыйынга катышып, сөз сүйлөгөн Кыргызстандын президенти Аскар Акаев жалаң глобалдашуу менен адамзаттын келечеги кең боло калбастыгын, түрдүү улуттардын маданиятынын сакталышы менен гана өнүгүп-өсүү болоорун белгиледи.

- Дүйнөгө глобалдашуу алып келип жаткан алгылыктуу жагдайлардан тышкары, глобалдашуу Кыргызстанга окшогон кичинекей мамлекеттерге жаңы коркунучтарды, жаңы тобокелчиликтерди жана сыноолорду алып келүүдө, - деди Аскар Акаев.

Президент А.Акаевдин айтымында, улут канчалык кичине болгон сайын анын жок болуп, башка улуттардын чеңгелинде калуу коркунучу ошончо күчтүү болууда. Чоң улуттар менен майда улуттардын ортосундагы өрнөктүү кызматташтык катары А.Акаев Бириккен Улуттар Уюмунун чечими менен Кыргыз мамлекеттигинин 2200 жылдыгы белгиленгенин мисал келтирди.

Майда улуттардын жок болуп кетүү коркунучу тууралуу сөз болгон жыйын, тилекке каршы, орус жана түрк тилдеринде өттү. Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов да президент А.Акаев сыяктуу эле орус тилинде сөз сүйлөдү. Бирок кийин Чыңгыз Айтматовдон кыргыз тилинде пикир суроого мүмкүнчүлүк болду.

- «Канткенде улуттук маданияттар жетишкендиктерин сактап кала алат жана келечегине жол сала алат? Алар улуттук максатын алдыга коюп, кандай өнүктүрүш керек?» деген суроого жооп издебесек, жатып алсак, албетте, эртең эле глобалдашуу дегениң сел баскандай каптап кетет, - деди жазуучу.

Чыңгыз Айтматовдун пикиринде, кыргыз тили орус тилинин көлөкөсүндө калбашы керек.

- Орус тилин биз эч убакта танбайбыз, чанбайбыз. Бирок, орус тили менен кыргыз тилинин ортосунда сөзсүз тең салмак болуш керек, - деди ал.

Чыңгыз Айтматов «улут өз жүзүн сактап калышы үчүн анын адабияты, киносу, театры өнүгүшү керек» деди. Ошондон улам ал президент А.Акаевге «мамлекет кинону өнүктүрүүгө көңүл бурсак» деген сунушун айтты. Мамлекет башчысы бул маселени карап көрүүгө убада берди.

Түркиядан келген профессор Али Яшар Сарыбай глобалдашуу жана модернизациялоо жараяндары дүйнөнү европалаштыруу, америкалаштыруу түрүндө жайылып жатканын башкы көйгөй катары белгиледи.

- Глобалдашуу дүйнөнү капиталдаштыруунун алкагында жүрүп жатат. Ошондон улам дүйнө жүзүндө жаңы маданият пайда болууда. Ал Европа маданиятына негизделген. Мунун таасиринде Орусия да калып атат,- деди Али Яшар Сарыбай. Анын айтымында, дүйнөдө Европа элдеринен жана Америка Кошмо Штаттарынан башка элдерди кемсинтүү көрүнүшү байкалып келатат.

«Евразия диалогу» платформасынын баш катчысы Эркам Туфан Айтавдын сөзүнө караганда, «Евразия диалогу» жыйынынын кезектеги отуруму бул жолу Кыргызстанда өтүп жатканынын өз мааниси бар.

- Бул отурум Кыргыз мамлекеттигинин 2200 жылдыгы менен байланыштуу, - деди Эркам Туфан Айтав. - Анткени «2200 жыл сакталган кыргыз маданияты глобалдашуу күч алган заманда мындан ары кандай болот, кандай өнүгөт?» деген суроого жооп издейбиз.

Казакстан Республикасынын Жазуучулар биримдигинин төрагасы Нурлан Оразалин глобалдашуунун жакшы да, жаман да жагы бар экенин, бирок эгемендикке жетишкен казак, кыргыз сыяктуу элдердин алдында глобалдашуунун тепсендисинде калуу коркунучу бар экенин белгиледи.

- Кичи улуттар өзүн-өзү сактоону, өз маданиятын өнүктүрүүнү ушул баштан ойлонушу керек, - деди Нурлан Оразалин.

«Евразия диалогу» жыйынынын V отурумунун катышуучулары айтегерек кеңешин эртең Ысыккөлдүн жээгинде улантышат.

XS
SM
MD
LG