Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:15

Бүгүн Москвада НАТОнун баш катчысы орус президенти менен жолугат


Жорж Робертсон Россияга кечээ кечинде келди. Бул анын коштошуу визити болмокчу. Жакында ал НАТОнун баш катчылык кызматын Голландиянын азыркы тышкы иштер министри Яап де Хооп Схефферге өткөрүп бермекчи. Робертсон альянстын жетекчиси болуп 1999-жылдын октябрынан бери иштеп келатат. Бул кызматта турган жылдары Робертсон НАТО менен Россиянын ортосундагы жаңы кызматташтыкты калыптандырууга чоң салым кошту, муну Москва жогору баалайт, деп билдирди орус тышкы иштер министринин орунбасары Владимир Чижов. Робертсон бүгүн Москвада россиялык ырасмий өкүлдөр, анын ичинде президент Владимир Путин менен жолугушат.

XS
SM
MD
LG