БИШКЕК. Бүгүн - Саясий репрессия курмандыктарынын эл аралык күнү. Бул күнү укук коргоочулар Наталья Аблова, Төлөкан Исмаилова, Зульфия Марат, Анна Муратова Аламүдүн районундагы «Атабейит» мемориалына барып, гүл коюп кайтышты. Кыргыз интеллигенциясынын 1938-жылы атылган 137 өкүлүнүн сөөгү 1991-жылы ушул аймактан табылган. Адам укугун коргоо бюросунун башчысы Наталья Аблованын божомолунда, Кыргызстанда репрессияга кабылган атуулдардын басымдуу бөлүгү 1938-жылы 6-жана 8-ноябрда атылган.
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев
Редактор – Жыргалбек Касаболотов
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев
Редактор – Жыргалбек Касаболотов