Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:24

Италияда премьер-министр Н.Танаев Ысыккөлдөгү туризмди өнүктүрүү боюнча үч күндүк семинарга катышты


БИШКЕК. Бүгүн Италиянын Порто Сорво шаарында Ысыккөлдөгү туризмди өнүктүрүүгө арналган үч күндүк семинар өз ишин аяктады. Семинар Агахан фонду тарабынан уюштурулду. Ага премьер-министр Николай Танаев жана Агахан фондунун Кыргызстандагы өкүлү Бермет Акаева баштаган делегация катышты. Семинарда Николай Танаев сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө мындай иш-чара Кыргызстандагы туризм тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөөрүн айтып, ханзаада Агаханга семинарга чакыргандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Н.Танаев семинардын катышуучуларына Кыргызстандагы туризимдин абалы жана аны өнүктүрүүнүн жолдору тууралуу айтып берди. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

XS
SM
MD
LG