Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:43

Мыйзам чыгаруу жыйынынын алдында эксперттик-консультативдик коомдук кеңеш түзүлдү


БИШКЕК. Мыйзам чыгаруу жыйынынын алдында эксперттик-консультативдик коомдук кеңеш түзүлдү. Аны уюштуруу боюнча алгачкы жыйын бүгүн палатанын төрагасы Абдыганы Эркебаевдин катышуусунда өттү. Кеңеш 20 адамдан туруп, анын курамына саясий жана коомдук ишмерлер, илимпоздор, юристтер, саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү кире турган болду. Кеңештин башкы максаты - өзгөчө маанилүү мыйзамдарды алдын-ала талкуулап, палатанын кароосуна сунуш кылуу жана кабыл алынып жаткан мыйзамдар тууралуу сунуштарды киргизип, пикир айтуу. Кеңештин келерки отуруму ноябрдын орто ченинде өтөт. Анда Шайлоо кодекси жана өкмөттүн ишмердүүлүгү тууралуу мыйзам долбоорлору талкууланат. Кеңештин курамында элге белгилүү Салижан Жигитов, Мар Байжиев, Марат Тазабеков, Эдил Байсалов сыңары адамдар бар.

XS
SM
MD
LG