Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:36

Улуттук форум техникалык жөнгө салуу маселесин талкуулады


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте техникалык жөнгө салуу тармагын реформалоо боюнча улуттук форум өттү. Ага катышып, сөз сүйлөгөн президент Аскар Акаев бул боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке жакында сунуштай турганын билдирди. «Техникалык жөнгө салууну реформалоо жөнүндөгү» жаңы мыйзам долбоорун премьер-министр Николай Танаев жетектеген комиссия эл аралык стандартка ылайык иштеп чыккан. Бул ишке ТАСИС жана ЮСАИД уюмдары колдоо көрсөтүшкөн. Форумда айтылган маалыматтарга караганда, азыр өлкөдө өндүрүлгөн же чет өлкөлүк товарларды базарга чыгарыш үчүн мамлекеттик органдардан ар кандай жагдайлар боюнча уруксат алып, акча төлөш керек. Эсептөөлөргө караганда, азыр өлкөдө стандарттарга ылайыктоо максатын көздөгөн 55 миң нормативдик документтер жана талаптар бар. Башкача айтканда инвестициялардын жана экономикалык өнүгүүнүн жолундагы тоскоолдуктардын 70% техникалык жөнгө салуу системасы менен байланыштуу.

XS
SM
MD
LG