Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:06

Орусия НАТО менен кызматташтыкты кеңейтүү ниетинде


Бул тууралуу Орусиянын президенти В.Путин НАТОнун башкатчысы Жорж Робертсон менен Москвадагы бүгүнкү жолугушуусу учурунда билдирди. Жорж Робертсонго кайрылып жатып В.Путин төмөнкүлөргө токтолду:

- Мындай өзгөрүүлөр Орусиянын улуттук кызыкчылыктарына жана тышкы саясий стратегиясына жооп берет. Мага бул түм тамырынан берки өзгөрүүлөр сиздин атыңыз менен байланыштуу болгону жагымдуу.

НАТОнун башкатчысы Орусияга коштошуу визити менен келди. Жаңы жылдан тартып, Жорж Робертсонду НАТОнун жетекчилик кызматында Голландиянын тышкы иштер министри Яаап де Хооп Схеффер алмаштырат.

XS
SM
MD
LG