Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:30

Кытай жана Европа Биримдиги соода-экономикалык алакаларын күчөтөт


Бул тууралуу бүгүн Пекинде өткөн саммиттин соңунда айтылды. Сүйлөшүүлөргө Европа Биримдиги тараптан уюмдун азыркы төрагасы, Италиянын премьер-министри Сильвио Берлускони, Кытай тараптан президент Ху Цзиньтао баштаган делегациялар катышты. С.Берлусконинин билдиргенине караганда, быйылкы жылдын үч айындагы сооданын көлөмү өткөн бир жыл ичиндегиден ашкан. Эми тараптар сооданын көлөмүн 2007-жылы 150 миллиард, 2013 - жылы 200 миллиард долларга жеткирүүгө умтулуп жатат. Жыйында экономикалык багыттагы үч келишимге, анын ичинде Европа Биримдигинин "Галилей" деп аталган спутниктик навигациясын түзүү ишине Кытайдын кошулуусун караган документке кол коюлду. Пекин бул долбоорго 230 миллион доллар каражат сарптоону убада кылып жатат.

XS
SM
MD
LG