Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:40

Сербияда антиөкмөттүк толкундоолор өтүп жатат


Өлкөнүн башкалаасы Белградда акыркы эки күндөн берки демонстрациянын миңдеген катышуучулары өкмөттүн отставкага кетишин, менчиктештирүү жараяны токтотулушун жана парламенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтүшүн талап кылууда. Ошол эле учурда парламент өкмөткө ишеним көргөзбөө маселесин кароодо. Премьер-министр Зоран Живкович бүгүн парламенттеги сөзүндө өкмөттүн саясатын жактап, азыркы экономикалык кыйынчылыктар өлкө автократиядан демократияга өтүүдөгү нормалдуу көрүнүш экенин белгиледи. Кабарчылардын болжолунда Сербияда жумушчулардын ири толкундоосу чыгып кетиши мүмкүн. Анткени президент Слободан Милошевич бийликтен кетирилген 2000-жылдан бери элдин жашоо деңгээли көтөрүлбөдү.

XS
SM
MD
LG