Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:54

Орусия тышкы иштер министри иш сапары менен Украинада жүрөт


Игорь Иванов Киевде украин тышкы иштер министри Константин Гришченко жана өкмөт башчысы Виктор Янукович менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Талкууланып жаткан негизги маселе – эки өлкөнүн чек ара талаштары. Жакында Орусиянын Кара жана Азов деңиздеринин ортосундагы Керч кысыгында дама кура баштоосу дипломатиялык жаңы чатактын чыгышына өбөлгө болгон эле. Орусия тараптын ырастоосунда, дамбанын курулушу экологиялык жүйөөдөн улам, деңиз жээгинин жээлүүсүн токтотуу үчүн зарыл. Орусиянын мындай аракетин жер тартып алуу деп эсептеген Украина болсо Керч кысыгындагы аларга караштуу Тузла аралында аскерлерди жайгаштырган. Москва өткөн аптада дамбанын курулушун убактысынча токтотту жана Украина чек арадагы аскерлерин алып кетиши керек деген ойдо. Мурдагы СССР тарагандан бери 12 жыл өткөнү менен Орусия жана Украина азырынча чек арасын демаркациялай элек.

XS
SM
MD
LG