Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:32

Эл аралык уюмдар Ирактагы кызматкерлеринин санын азайтууда


Маселен БУУ бүгүнтөн тартып чет элдик кызматчыларын убакытысынча Багдаддан чыгарып кетип жатат. Өз кызматкерлеринин санын кыскартаарын Кызыл Чырым комитети, "Чек арасыз дарыгерлер" уюму жарыялаган. Кызыл Чырымдын Багдаддагы өкүлдөрүнүн бири Нада Думани бүгүн "Рейтердин" кабарчына төмөнкүлөрдү билдирди:

- Биз кыскартуудан кийин канча киши калаарын дагы такташыбыз керек. Бул-алдыдагы бир нече күнүндө аралыгында биз Женевадагы кеңсебиз менен талкуулай турган маселердин бир бөлүгү.

Ушул дүйшөмбү күнү, 27-октябрда Кызыл Чырымдын Багдаддагы кеңсеси жардырууга кабылган эле. Анда уюмдун эки күзөтчүсүн кошкондо он эки адам өлгөн.
Ал эми бүгүн Фаллужа шаарынын жанында жүк тартып бараткан поезддин жолунда жарылуу болуп, бирок эч ким жабырланбады.

XS
SM
MD
LG