Эл аралык бул мекеменин башчысы Мохаммед ал-Барадейдин кебине ылайык, Тегеран өзүнүн атомдук программасына байланыштуу бардык маалыматтарды камтыган документтерди өткөрүп берди. Эксперттер эми декларация менен таанышып, кылдат иликтеп чыгышат. МАГАТЭнин башчысы кечээ Оттавада Канаданын тышкы иштер министри менен жолугуп, Ирандын жана Түндүк Кореянын атомдук программаларына байланыштуу маселелерди талкуулады.