Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:02

Америкалык конгресстин имаратындагы коркунуч тапалаңы калп болуп чыкты

Полициянын өкүлдөрү ырасташкандай, конгресстин аппаратында иштеген эки аял Хеллоуин майрамына камынып, балдар үчүн белек-бечкек,анын ичинде оюнчук тапанча сатып алышкан экен. Коопсуздук сакчылары аны өөк тапанча эсептеп, тапалаң көтөрүшкөн. Конгресстин өкүлдөр палатасы жайгашкан имарат бир нече саатка жабылып, бүт кызматкерлер капыл-тапыл сыртка чыгарылган. Акыры иштин жөнү аныкталып,баары жайына келди. Кошмо Штаттарында бүгүн Хеллоуин майрамдалат, ал адат катары азил-тамаша менен коштолот.
​
XS
SM
MD
LG