Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:40

Инсулинге байланыштуу таратылган маалыматка Украина макул эмес


БИШКЕК. Украиналык «ИНДАР» ишканасы чыгарган инсулин Кыргызстанга сатылган эмес жана кыргыз тарап бул дары-дармектин сапатына көзөмөл жүргүзгөн эмес. Андыктан Украинадан чыккан инсулиндин сапатынын төмөндүгү тууралуу маалыматтар - жалаа. Украинанын Саламаттык сактоо министрлиги бул өлкөнүн Бишкектеги элчилиги аркылуу ушундай билдирүү таратты. Билдирүүдөгү маалыматка караганда, «ИНДАР» ишканасы чыгарган инсулинден кант диабети менен ооруган жергиликтүү 95 миң оорулуу жана дүйнөдөгү 9 өлкө пайдаланат. Билдирүүгө Бишкек шаардык эндокринология диспансеринин жетекчилиги украин инсулинин зыяндуулугу жөнүндө маалымат таратканы негиз берген. Анткени инсулин менен жабдуучу америкалык жана германиялык ишканаларга Кыргызстандын карызы көбөйүп кеткен соң, украин инсулинин сатып алуу тууралуу божомолдор пайда болгон. Бүгүн Саламаттык сактоо министрлигинен алынган маалыматка караганда, украин инсулинин сатып алуу тууралуу сөз козголо элек.

XS
SM
MD
LG