Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:13

Индиянын коргоо министри Кыргызстанга келмек болду


БИШКЕК. 5-ноябрда Кыргызстанга алгачкы иш сапары менен Индиянын коргоо министри Жорж Фернандес келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Индиянын коргоо министрин 6-ноябрда президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев жана коргоо министри Эсен Топоев кабыл алышып, эки тараптуу кызматташтыктын өңүттөрүн талкуулашат. Негизинен тараптар Кыргызстандын аскер кызматчыларын Индиядан окутуу жагдайына көңүл бурушат. Индиянын коргоо министринин Бишкекте боло турган иш сапарында кандайдыр-бир макулдашууга кол коюлаары тууралуу азырынча маалымат жок.

XS
SM
MD
LG