БИШКЕК. Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов «Боао Азия үчүн - 2003» конференциясына катышканы бүгүн Кытайга жол тартты. Министрликтин басма сөз кызматынын кабарына караганда, конференция Хайнань провинциясынын Боао шаарында өтөт. Бул жыйында А.Айтматов Азия экономикасынын өнүгүшү, Азия өлкөлөрү менен Кыргызстандын кызматташтыгынын келечеги тууралуу сөз сүйлөйт. Форумдун алкагында анын баш катчысы Лун Юнт менен жолугушуу болот. Форумга Пакистандын президенти Первез Мушарраф, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонов, Кытайдын премьер-министри Вэнь Цзябао өңдүү жетекчилер катышат. Мындан тышкары, А. Айтматов Кытайдын тышкы иштер министри Ли Чжаосин менен жолугушуп, алар эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашат. Министрдин иш сапары 4-ноябрда аяктайт.