Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:00

Кыргызстандын бир катар ири ишканалары Орусияга тышкы карыз үчүн берилет


БИШКЕК. Премьер-министр Николай Танаев Бишкектеги «Айнур» заводунун 40% акциясын Орусияга өткөрүп берүү тууралуу токтомго кол койду. Бул жөнүндө бүгүн өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Ал эми Тышкы соода жана өнөр жай министри Садриддин Жээнбековдун журналисттерге берген маалыматына караганда, Баткендеги Кадамжай сурма комбинатынын 70% акциясы Кыргызстандын Орусияга тышкы карызына бааланып берилүүдө. Буга чейин Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тыштан инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитеттин төргасы Равшан Жээнбеков Орусиянын алдындагы карызга Бишкектеги машина куруу, «Дастан», «Жанар» заводдору бааланып берилээрин маалымдаган. Ал эми вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин айтымында, Орусияга «Кристалл» заводун да берүү пландаштырылууда. Бүгүнкү күндө Кыргызстан Орусияга 160 миллиондон ашуун доллар карыз.

XS
SM
MD
LG