Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:22

Мисир Ашыркуловго кол салуу боюнча териштирүү создугууда


БИШКЕК. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Мисир Ашыркуловго кол салуу фактысы боюнча тергөө иши эки себепке байланыштуу создугууда. Биринчиден, кол салуу боюнча шек саналган киши дарыланып жатат. Шектүү адамдын психикалык абалын текшерген дарыгерлер анын ден-соолугун бир аз чыңдоо зарыл экенин белгилешкен. Экинчиден, М. Ашыркуловго кол салуу фактысын күбөлөгөн буюмдар Москвага текшерүүгө жиберилип, бирок анын жыйынтыгы чыга элек. Бул тууралуу «Аалам» гезитинде чыккан маегинде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев билдирди. М. Ашыркуловго кол салуу былтыр сентябрда болгон. Бул иш боюнча шектүү адам быйыл жайында кармалып, кийинчерээк Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын карамагына өткөрүлгөн. Бул ишти азыр Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетегинде прокуратура, коопсуздук жана ички иштер органдарынын кызматкерлеринен түзүлгөн мекеме аралык тергөө тобу иликтөөдө.

XS
SM
MD
LG