БИШКЕК. КМШнын Коопсуздук жана атайын кызмат жетекчилер кеңешинин XV отуруму бүгүн кечинде Чолпонатада жыйынтыкталды. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматынан алынган маалымат боюнча, отурум аткезчиликке, терроризмге каршы күрөш жана аскерий-техникалык кызматташтык маселелерин талкуулады. Акырында тараптар аткезчиликке каршы күрөш боюнча биргелешкен протоколго кол коюшту. Отурумдун чечимине ылайык кеңештин кезектеги отуруму келерки жылы Орусияда өтө турган болду. Отурумга КМШнын он өлкөсүнүн коопсуздук жана атайын кызматтарынын жетекчилери келишкен. Жыйын 28-октябрда Бишкекте президент А.Акаевдин катышуусунда ачылган.