Линктер

ишемби, 23-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:56

ЕККУнун Борбор Азия боюнча өкүлү Кыргызстанга келди


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекке Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) төрагасынын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча өкүлү Марти Ахтисаари эки күндүк иш сапары менен келди. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын бүгүнкү маалыматына караганда, анын иш сапарынын башкы максаты - ЕККУ менен Кыргызстандын кызматташтыгын чыңдоо туурасында өлкөнүн жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү. Ал эми ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн алынган маалыматка караганда, Марти Ахтисаари эртең президент Аскар Акаев, Тышкы иштер министрлигинин жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрөт.
XS
SM
MD
LG