Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:03

Дүйнөнүн кыркка жакын футболчулары соопчулук оюнун өткөрүшөт


Андан түшкөн каражат Африка, Азия жана Латын Америкасындагы жакырчылык менен күрөшүүгө жумшалат. 15-декабрда Базел шаарындагы Ыйык Якоб стадионунда эки команда беттешет. Алардын бирин атактуу футболчу Рональдо, экинчисин Зинедин Зидан жетектейт. Оюнга Мадриддин “Реал” клубунан Девид Бекхем, Роберто Карлос,Луиш Фиго, Мюнхендин «Бавариясынан» Тьерри Анри, “Арсеналдан” Дино Баджионун катышуусу күтүлүүдө. Сатыктан жана теле берүүдөн соопчулук коруна жарым миллион доллар каражат түшөт, деп чамаланууда.


Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Аманбек Дилденбай, Прага

XS
SM
MD
LG