Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:24

Иракта коопсуздукту камсыздоо күчөтүлөт


АКШ жакын арада Ирактын коопсуздугун камсыздоо үчүн жергиликтүү тургундардан аскер күчтөрүн түзөт. АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелддин маалымдашынча, азырынча Ирактын коопсуздук күчтөрүн түзүүгө 100 миң адам тартылат. Келечекте америка контингентинин аскер күчтөрү 130 миңге чейин жетүүсү күтүлүүдө. Бейшембиде БУУ Багдаддагы убактылуу кызматкерлерин чыгарып кетүүнү жарыялады. Андан мурда Эл аралык Кызыл Чырым коому Ирактагы кызматкерлеринин санын кыскартуу тууралуу кабарлаган.

XS
SM
MD
LG