Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:14

АКШнын президенти Европа өлкөлөрүн Ооганстанга активдүү көмөктөшүүгө чакырды


Кечээ Жорж Буш Италиянын премьер-министри Силвио Берлускони менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Ооганстанды кайра курууда Евросоюз финансы жана башка чөйрөлөрдө олуттуу көмөктөшө алат эле деп билдирди. ООНдун өкүлү Эралдо Муносанын маалыматтары боюнча, талиптер жана ал-каидачылар апийимдин соода-сатыгы менен активдүү арпалышып, андан түшкөн кирешеге курал-жарактарды сатып алууда жана ыктыярдууларды жалдап алууда. Ал эми эл аралык коопсуздук контингентинин күчтөрүн Кабулдан тышкаркы аймактарга жайгаштыруу азырынча чоң проблема бойдон турат. Жума күнү Кабулда сөз сүйлөп, НАТОнун куралдуу күчтөрүнүн башкы колбашчысы Жеймс Жоунс баарыдан мурда бейпилдик күчтөрүнүн коопсуздугун чечүү талап кылына тургандыгын белгиледи.

XS
SM
MD
LG