Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:45

Орус аскерлери Днестр жумуриятында эмдиги жылга чейин калмай болду


Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Молдовадагы өкүлү Уильям Хилл кечээ күнү кечинде атайын билдирүү жасап, өзүн өзү эгемендүү деп жарыялаган Днестр боюндагы жумуриятта жайгаштырылган орусиялык аскерлер мурда пландаштырылгандай үстүбүздөгү жылдын аягына чейин аймактан чыгарыла албайт деп билдирди. Алардын Днестр боюнан кетүү мөөнөтү эмдиги жылга калтырылууда. Молдова менен Днестр жумуриятынын ортосундагы сүйлөшүүлөргө Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму, Орусия жана Украина ортомчулук кылууда.

XS
SM
MD
LG