Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:31

Кыргыз медицина академиясынын ректору алмашты


БИШКЕК. Саламаттык сактоо министринин буйругу менен Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Искендер Акылбеков Кыргыз медицина академиясынын ректорлук кызматынан бошотулду. Ректордун милдетин Саламаттык сактоо министринин орун басары Тилекбек Мейманалиев убактылуу аткара турган болду. Бул тууралуу ишембиде аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Кыргыз медицина академиясынын жетекчилигинин алмашуусуна эмне себеп болгону тууралуу ырасмий маалымат айтыла элек. Айрым талдоочулар муну адам өлүктөрүн экспорттоо маселеси менен байланыштырды.
Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны 24-октябрда «өкмөттүк саат» өткөрүп, анда адам өлүктөрүн Германияга сатуу маселесин караган. Жыйында «Кыргыз медицина академиясынын көмөгү менен адам өлүктөрү чет өлкөгө сатылган» деген пикирлер айтылып, ишти териштирүү тартип коргоо органдарына тапшырылган. Депутат Акбөкөн Таштанбековдун маалыматына караганда, 1996-2001-жылдар аралыгында Кыргыз медицина академиясы аркылуу Германияга 800дөй адамдын сөөгү экспорттолгон.

XS
SM
MD
LG