Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:22

Караколдо милиция күнүнө карата салтанаттуу жыйын өттү


КАРАКОЛ. Бүгүн Каракол шаарында милиция күнүнө карата салтанаттуу митинг өттү. Майрамдык иш-чарада облустук ички иштер башкармасынын жетекчиси Бактыбек Аманбеков кыргыз милициясынын 79 жылдык тарыхына жана аталган башкармалыктын өздүк курамы тарабынан аткарылып жаткан иштерге токтолду. Митингдин соңунда республиканын Ички иштер министрлигинин жана облустук ички иштер башкармалыгынын буйругу менен тартип коргоо органдарынын айрым кызматкерлерине кезектеги наамдар ыйгарылып, баалуу белектер берилди. Митинг ички иштер кызматынын өздүк курамынын майрамдык парады менен аяктады.

XS
SM
MD
LG